ЖЕР МЕНЕН ЖЕКСЕН КЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Жок кылуу, тып-тыйпыл кылып жоготуу, кыйратуу, талкалоо. Фашисттик жырткычты жер менен жексен кылмайынча, артынан тушкөнүм түшкөн (Баялинов). Бай-манаптар бейкам элди тарпка конгон жорудай канын соруп, жер менен жексен кылып, бейкут журтту кансыраткан (Бейшеналиев). 2. Баш көтөртпөй катуу запкы көрсөтүү, тебелеп-тепсеп колдон келет кылуу, кордук көрсөтүү. Алсыз кедейдин кызы болгону үчүн каардуу кайнене анда аны жер менен жексен кылып кордогон (Сыдыкбеков).